20:21
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

«Берекет» базарынын директору үй камагына чыгарылды

«Берекет» базарынын директору Рафкат Момункулов үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине укук коргоо органдары билдирди.

Чечим Бишкек шаардык соту тарабынан чыгарылды.

«Андан тышкары сот базардын коопсуздугу боюнча жооптуу кызматкери Рашида Сапаевди дагы үй камагына чыгарды. Буга чейин алар биринчи инстанциядагы соттун чечимине каршы арыз беришкен», — деп маалымдайт милиция кызматы.

Эскерте кетсек, 13-апрелде таңкы саат 04:00 чамасында Ош базарынан өрт кырсыгы катталган. Жыл башынан бери аталган жай үчүнчү жолу өрт чыкты.

Эң көп окулган жаңылыктар