Уурулук фактысы боюнча 23 жаштагы жаран кармалды

16:52, 10 мая 2018, Бишкек - 24.kg

Уурулук фактысы боюнча 23 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, милицияга жергиликтүү тургун арыз менен кайрылып, 27-апрель күнү белгисиз жаран үйүнө кирип, уюлдук телефонун жана 9 миң сом акчасын уурдап кеткендигин билдирген.

Аталган факты боюнча Свердлов райондук ИИБнын кызматкерлери Кылмыш-жаза кодексинин 164-беренеси (Уурдоо) боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам- издөө иштеринин натыйжасында, жогорудагы кылмыш ишине шектүү катары 23 жаштагы Б.у.А. аттуу жаран кармалган. Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилип, иликтөө иштери жүрүп жатат.