Депутат Алмазбек Атамбаевдин «экс» президент статусун алып салууну сунуштады

16:43, 10 мая 2018, Бишкек - 24.kg

Алмазбек Атамбаевдин «экс» президент статусун алып салуу керек. Мындай пикирин Бишкек жылуулук электр борборундагы аварияны иликтөө боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын мүчөсү Исхак Масалиев билдирди.

Анын айтымында, аталган маселе боюнча Атамбаев дагы саясий жоопкерчиликке тартылышы керек. Анткени ал 2011-жылы өкмөттү жетектеп турганда биринчилерден болуп ТВЕА ишканасы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн.

«Сапар Исаков баш болгон башка өкмөт башчылар жөн гана анын ишин улантты. Андыктан Алмазбек Атамбаев дагы жооп бериши керек», — деди Исхак Масалиев.