16:43, 10 мая 2018, Бишкек - 24.kg
Алмазбек Атамбаевдин «экс» президент статусун алып салуу керек. Мындай пикирин Бишкек жылуулук электр борборундагы аварияны иликтөө боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын мүчөсү Исхак Масалиев билдирди.
«Сапар Исаков баш болгон башка өкмөт башчылар жөн гана анын ишин улантты. Андыктан Алмазбек Атамбаев дагы жооп бериши керек», — деди Исхак Масалиев.