06:25
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Айдоочу 69 жаштагы аялды койдуруп алып, изин жашырганга аракет кылган

Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынан айдоочу 69 жаштагы аялды койдуруп алып, изин жашырганга аракет кылган. Бул тууралуу аймактык :ол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, кырсык, 8-майда болжол менен саат 20:40 чамасында катталган. Аялды сүзүп кеткен айдоочу жана унаасынын маркасы белгисиз бойдон калган. Жабырлануучу ооруканага жаткырылган. Жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин жыйынтыгында кылмышка шектүү катары BMW үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу, 32 жаштагы Ж. Т.аттуу жаран кармалган.

Учурда ал күнөөсүн мойнуна алып, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Эң көп окулган жаңылыктар