05:23
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Бүгүн сом 25 жашка толду. Улуттук валютанын жашоосунан кызыктуу фактылар

Бүгүн сом 25 жашка толду. 1993-жылы 10-майда саат 4.00 Кыргызстан улуттук валютасын мурдакы совет өлкөлөрүнүн ичинен Россиядан кийин экинчи болуп жүгүртүүгө киргизет.

— Советтик валютаны сомго алмаштырууга төрт күн гана убакыт берилет. 14-майдан тарта өлкө акча-насыялык саясатын өз алдынча жүргүзүүгө киришет. Бирок, элдин суранычы менен дагы төрт күн рублды сомго айлантууга бөлүнгөн.

Саясый жана экономикалык өзгөрүүлөргө карабай кыргыз сому 25 жыл ичинде өзүнүн кубаттуулугун далилдеп келе жатат.

Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов

— Алгач 1, 5 жана 10 сомдуктар жана 1, 5 жана 10 тыйындар чыгарылат. Тыйындар кагаз түрүндө болуп, түсү менен гана айырмаланган. Бир бетинде бүркүт, экинчи тарабында күн менен түндүк түшүрүлгөн. Ал эми сомдорго Манас жана анын күмбөзү тартылат.

— Алгачкы сомдорго Улуттук банктын мурдакы төрагасы Кемелбек Нанаевдин колу коюлган.

— Сомдун алгачкы наркы 1 сом 200 рублга барабар болот.

— Жыл өтпөй сомдор алмаштырылат. 20, 50 жана 100 сомдук банкноттор чыгарылат. Биринчи жолу акчага кыргыздын белгилүү инсандарынын сүрөттөрү түшүрүлөт.

— 1997-жылы 5 жана 10 сомдук жүгүртүүгө киргизилет. 1999-жылы 1 сомдук пайда болот.

— 2000-жылы ири купюралар чыгарылат. 200, 500 жана 1000 сомдуктар элдин купулуна толот. 2009-жылы Улуттук банк эң ири банкнот 5 миң сомдукту сунуштайт.

Айтмакчы, 5 миң сом АКШнын 100 доллларына тең келип, жарандар акчаны улуттук валютада сактоого кирешет деген ниетте чыгарылган. Ал кезде 100 доллар 4 миң 600 сомго барабар болчу.

Андан кийин, 20, 50, 100 сомдуктар жаңыланат. 2010-жылы 200, 500 жана 1000 сомдуктар киргизилет.

— Кыргыз акчалары 2010-жылга чейин Англиянын De La Rue компаниясында басылса, кийинкилери Франциянын Oberthur Fiduciaire ишканасында даярдалды.

— 2008-жылы 10, 50 тыйындар жана 1, 3, 5 сомдордун монетасы пайда болот. 2010-жылы 10 сомдук чыгат.

— 2017 жылы жаңы түстөгү жана формадагы 2000 миң сомдук чыкты.

Эң көп окулган жаңылыктар