15:37
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

«Раим-миллион» соту. Жактоочу Матраимовдун мыйзамсыз иштен алынганын айтууда

Биринчи май райондук соту бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун кызматтан алыныш боюнча арызын карап жатат. Матраимов аны кызматтан алууда ошол кездеги өкмөт мыйзамды сактаган эмес деп эсептейт.

Доогердин жактоочусу Татьяна Карыжинская дагы ушундай эле пикирди бүгүн алгачкы соттук отурумда билдирди. Карыжинскаянын айтымында, өкмөт башчы экс-президент Алмазбек Атамбаевдин сунушу менен аны кызматтан кетирүүгө укуктуу эмес.

«Ал кызматынан бошотулган учурда, тактап айтканда 3-январдан тартып, 20-январга чейин ден-соолугуна байланыштуу чет мамлекетте дарыланууда жүргөн. Анын өнөкөт оорусу күч алгандыктан башка өлкөдө дарыланууга аргасыз болгон. Бул тууралуу керектүү документтери дагы бар. Мыйзам боюнча дарыланууда жүргөн мамлекеттик кызматкерди иштен ала албайт. Андыктан доо арызды толук канааттандырып, Райымбек Матраимовдун ээлеген кызматына кайра келүүсүн камсыздап берүүңүздөрдү суранам», — деди Татьяна Карыжинская.

Эскерте кетсек, «Раим-миллионер» деген ат менен белгилүү болгон Бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимов 2017-жылдын 23- ноябрында, ошол кездеги өкмөт башчы Сапар Исаковдун буйругу менен иштен алынган.

Сапар Исаковдун кадр маселесин чечүүдө Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин сууга чөкпөс мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду иштен алуусу коомдо катуу талкуу жараткан. «Раим-миллионер» жетекчиликтин чечимдерине жана саясатына анын ишмердиги дал келбегендиги үчүн иштен алынган.

 Матраимов аталган маселе боюнча экс-премьер-министр Сапар Исаковду сотко берген. Ал ошол кездеги өкмөт мыйзамсыз иштен алган деп эсептейт.

Эң көп окулган жаңылыктар