10:33, 10 мая 2018, Бишкек - 24.kg
Жогорку Кеңеш Бишкек жылуулук электр борборун модернизациялоодогу мыйзам бузуулар боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын корутундусу менен таанышат. Маселени күн тартибине киргизүү сунушун бүгүн, парламенттин жалпы жыйынында комиссиянын төрагасы Улан Примов киргизди.
Эскерте кетсек, аталган маселе боюнча кылмыш иши козголуп, энергетика тармагынын жооптуу кызматтарында отурган жети киши камакка алынган. Алардын арасында Улуттук энергетикалык холдинг компаниясынын мурдагы башчысы Айбек Калиев жана «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы директору Салайдин Авазов дагы бар. Алардын бардыгы жемкордук беренеси менен айыпталууда. Ал эми мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков кечээ УКМКга чакырылып күбө катары сурак берди.