Кулиев көчөсүндөгү сойкукана ээси эки жылга соттолду

09:38, 10 мая 2018, Бишкек - 24.kg

Бишкек шаарынын Ленин районундагы Кулиев көчөсүндөгү сойкукана ээсиТ.З.П. аттуу эки жылга соттолду.

Аял 12-февралдан тарта сойкукана иштетип баштаган. 21-февралда акча алып жаткан жеринен кармалат. Анын мейманканасында жашаган кыздардын бири ал сойкукана экенин моюнга алат.