08:42, 10 мая 2018, Бишкек - 24.kg
Чүй болусуна караштуу Жайыл жана Ысык — Ата райондорундагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө тамак-аш азыктары, жана саан уйларды таратылып, андан тышкары акчалай жардамдар берилди. Бул тууралуу Муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.
Кайрымдуулуш иш чарасы Чүй облусунун мусулмандар казыяты тарабынан демилгеленип, ыйык Рамазан айынын урматына карата уюштурулган.
"Чүй облустук казыяты кайрымдуулук фонддор менен тыгыз кызматташып, кайрымдуулук иштерин өткөрүп келүүдө. Кийинки кайрымдуулук иштерин Рамазан айында уюштурууну пландап жатабыз",-деди облус казысы Руслан ажы Жумагулов.