15:56, 08 мая 2018, Бишкек - 24.kg
Чолпон-Атанын ооруканасынан «Аврора» санаторийинде уулангандар сакайып чыга баштады. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, бардыгы он сегиз киши жабыркаган, алардын он алтысы тамактан ууланды деген тыянак менен кечээ кечинде, дагы эки киши бүгүн эртең менен медициналык жардам сурап кайрылган.