11:08, 08 мая 2018, Бишкек - 24.kg
Жалал-Абад облусунун Токтогул районуна караштуу Бала-Чычкан айылынын мурдагы дене тарбия мугалими жетинчи класстын окуучусун ургандыгы үчүн айыпталууда. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 28-апрелде жергиликтүү тургун милицияга арыз менен кайрылган. Арызда ошол күнү, болжол менен саат 19:00 чамасында анын 2005-жылы туулган уулун Эсенбек аттуу жаран себепсиз ур-токмокко алганы жазылган.
Балын сабоо боюнча 1986-жылы туулган С. Эсенбек аттуу мурдагы дене-тарбия мугалими айыпталууда. Ал талма оорусунан улам 2012-жылы мугалимдиктен бошотулган.
Экспертиза бала жеңил жарат алганын аныктап, ал ооруканага жаткырылган. Ал эми мугалимге карата «Бейташтык» беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, учурда тергөө иштери жүрүп жатат.