15 жашар кыргызстандык кыз Москвада көз жарды

10:36, 08 мая 2018, Бишкек - 24.kg

15 жашар кыргызстандык кыз Москвада көз жарды. Бул тууралуу «Москва» агенттиги укук коргоо органдарына шилтеме берүү менен жазып чыккан.

Маалыматка ылайык, кыз жашаган үйүндө төрөп, андан соң ооруканага жеткирилген. Жаран ай-күнүнө жетип көз жарган, бирок бала ичтен өлүү төрөлгөн.

Учурда аял ооруканада, ал эми ымыркайдын денеси өлүмүн аныктоо үчүн экспертизага жөнөтүлдү.