12:22
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

«Аврора» санаторийинде ондон ашык киши тамактан ууланды

Ысык-Көлдүн «Аврора» санаторийинде 16 киши тамактан ууланды, алардын арасында чет элдик спортчулар дагы бар. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине Ысык-Көл облусунун Илдеттерди алдын алуу жана мамлекеттик санитардык көзөмөл борборунун башкы дарыгери Малик Мамбетов билдирди.

Анын айтымында, кечээ кечке маал ооруканага 16 киши кайрылган. Алардын арасында жети киши чет элдик спортчулар, ал эми калганы пансионаттын кызматкерлери.

«Учурда алар Чолпон-Атанын ооруканасында, абалдары туруктуу. Жеңил уулангандар пансионатта калышты, абалдары жакшы, таймашка катышууга толук мүмкүнчүлүктөрү бар. Аларга жеринде медициналык жардам көрсөтүлдү», — деди Малик Мамбетов.

«Абал көзөмөлгө алынып, иликтөө иштери жүрүп жатат. Азык-түлүктөр анализге алынды. Жыйынтыгы эртең маалым болот. Алдын-ала алынган маалыматка ылайык, кишилер түштөнүү үчүн жасалган тамактан ууланган болуусу мүмкүн», — деп кошумчалады дарыгер.

Эскерте кетсек, 5-майдан 12-майга чейин Чолпон-Атада кикбоксинг боюнча Азия чемпионаты өтөт.

Эң көп окулган жаңылыктар