Балыкчыда айдоочу 13 жашар кызды койдуруп кетти

08:36, 08 мая 2018, Бишкек - 24.kg

Фото
Балыкчыда «Лексус LX570» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу 13 жашар кызды койдуруп кетти. Бул тууралуу Балыкчы шаардык жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, кырсык 5-майда, болжол менен саат 16:45 чамасында катталган. «Лексус» унаасын башкарып келе жаткан Кара-Көл шаарынын 1982-жылкы К.Болотбек аттуу тургуну 2005-жылы туулган М.Татьяна аттуу кыздыр койдуруп кеткен.

Кырсык катталган соң айдоочу жабырлануучуну дароо ооруканага жеткирген. Ал ар кандай деңгээлде жарат алган, бирок абалы канааттандырарлык. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.