Майга карата дыйкандарга 2 миллиарддан ашык насыя берилди

16:55, 07 мая 2018, Бишкек - 24.kg

2018-жылдын 3-майына карата «Айыл чарбаны каржылоо-6» долбоорун ишке ашыруунун алкагында республиканын 6326 дыйканына 2 миллиард 584,6 миллион сом суммасында жеңилдетилген насыялар берилди. Бул тууралуу Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Долбоорду ишке ашыруунун алкагында Каржы министрлиги менен 11 коммерциялык банктын ортосунда жалпы суммасы 5 миллиард 816 миллион сом болгон келишимдерге кол коюлган.

Эскерте кетсек, Кыргызстандын 2018-2020-жылдарга республикалык бюджетинде «Айыл чарбасын каржылоо — 4» долбоорунун үчүнчү фазасын, «Айыл чарбасын каржылоо — 5» долбоорунун экинчи фазасын жана «Айыл чарбасын каржылоо — 6» долбоорунун биринчи фазасын ишке ашыруу үчүн 1 миллиард 50 миллион сом каралган.