12:15, 07 мая 2018, Бишкек - 24.kg
Санкт-Петербург шаарында «Нева-Мастер» курулуш ишканасында каза тапкан кыргыз жаранына компенсация төлөнүп берилди. Бул тууралуу Акыйкатчы маалымдайт.
Ош областынын Кара-Суу районунун тургуну У.З Россия федерациясынын Санкт-Петербург шаарында «Нева-Мастер» курулуш ишканасында иштеп жатып 2015-жылы каза тапкан.
Маркумдун жашы жете элек балдарынын атына 600 000 рубль акчалай каражаты ААК «РСКА БАНКка» Россия Федерациясынын Социалдык камсыздандыруу фондусунун буйругу менен которулду.