Унутуп бара жаткан килем токуу өнөрү жанданат

11:34, 07 мая 2018, Бишкек - 24.kg

Килем токуу өнөрүн жандантуу үчүн kyrgyzkilem.kg окутуу борбору ачылды. Бул тууралуу Сорос-Кыргызстан маалымдайт.

«2017-жылы жүргүзүлгөн изилдөө килемди колдо токуу өнөрүнүн технологиясы жоголуп бара жатканын көрсөттү» — дейт «Кыргыз Килем» өнүктүрүү фонду.

Кол өнөрчүлүктү сактоо үчүн килемдин оймолорунун 30 жаңы чиймеси чийилип, 7 видео ролик тартылды. Ал аркылуу килем токууну үйрөнүүгө болот.