«Бишкек» эркин экономикалык аймагындагы үч ангар өрттөнүп кетти

11:03, 07 мая 2018, Бишкек - 24.kg

Аламүдүн районунда жайгашкан «Бишкек» эркин экономикалык аймактан үч ангар өрттөнүп кетти. Бул тууралуу Чүй облустук ИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кырсык 7-май түнү, саат 02:20да башталган. Тилсиз жоонун кесепетинен жабыр тарткандар жана каза болгондор жок. Өрттү өчүрүүгө 4 өрт бригадасы, 20 куткаруучу жана 70 милиция кызматкери тартылган.

Тилсиз жоо саат 06:30да толук өчүрүлгөн. Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталууда. Андан тышкары атайын экспертиза дайындалып, тергөө амалдары жүрүп жатат.