Ак-Суу районуна кар түштү

10:39, 07 мая 2018, Бишкек - 24.kg

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна түндө кар жаады. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар «24.kg» агенттигине билдирди.

Алар Совет айылынын көрүнүшүн сүрөткө тартып салышкан.

«Таң эрте −3 градус суук. Айылда алма-өрүк жаңы гана гүлдөгөн», — деп маалымдашат алар.