Чүйдө жол кырсыгынан эки адам каза болду, анын бири бала

09:38, 07 мая 2018, Бишкек - 24.kg

Аламүдүн районунун Ленин айылында катталган жол кырсыгынан эки адам каза болду. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, КамАЗ менен «Тойота Прадо» үлгүсүндөгү унаалар кагылышкан. Анын кесепетинен 1973-жылы туулган А.Б. жана анын 2014-жылы туулган Б. уулу Р. аттуу уулу каза болгон. Дагы эки жаран ар кандай деңгээлдеги жарат алып, ооруканага жаткырылды. «Тойота Прадо» унаасы толук өрттөнүп кеткен.