00:52
USD 69.40
EUR 81.11
RUB 1.02

Таласта 14-жашар окуучу төрөдү. Кылмышка шектелип 23 жаштагы жаран кармалды

Талас шаарында төрөгөн 14 жашар мектеп окуучусу менен жыныстык катнашка барууга шектелип 23 жаштагы жаран кармалып, камоого алынды. Бул тууралуу шаардык ИИБ маалымдайт.

Алардын билдирүүсүндө, ага карата 16 жашка чыга элек өспүрүм менен жыныстык катнашка баргандыгы

үчүн (132 — берене) иш козголду.

Эскерте кетсек, 8-класста окуучусу 3-май күнү кыз төрөдү. Даарыгерлердин айтымында, ал ай-күнүнө жетип, саламаттыгы чың кыздуу болду.

Буга чейин Ноокат районунда жана Чүй облусунда мектеп окуучулары төрөгөн.

Эң көп окулган жаңылыктар