16:56, 04 мая 2018, Бишкек - 24.kg
6-9- май күндөрү Чолпон-Атада Улуу жеңиш майрамына карата көк-бөрү оюну уюштурулат. Бул тууралуу Көк-бөрү федерациясы билдирди.
Маалыматка ылайык, 10 тайпа эки лигага бөлүнүп оюн көрсөтөт. Жогорку лигада «Ынтымак», «Достук», «Четинди», «Биримдик» тайпалары ойнойт. Ал эми биринчи лигада «Көк-Жал», «Толкун», «Аафият», «Сары-Өзөн», «Ыссык-Көл-1», «Ыссык-Көл-2» тайпалары күч сынашат.
Жогорку лигада төрт тайпа бир айлампада оюн көрсөтөт. Ким көп упай топтосо, ошол жеңүүчү деп табылат.
Эскерте кетсек, буга чейинки көк-бөрү оюнунда Таластын «Ынтымак» тайпасы жеңүүчү болуп табылган.