22:40
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Түлеев vs Атамбаев. Эки тарап тең катты экспертизадан өткөрүүгө макул

Кыргызстан социал-демократтар партиясы Нариман Түлеевдин мурдакы президент Алмазбек Атамбаевге кечирим сурап жазган катынын нускасы сакталуу экендигин жана экспертизага жөнөтүүгө даярдыгын билдирет. Бул боюнча саясый уюмдун маалымат кызматы кабарлады.

Кечээ Нарын облусунуну аксакалдар кеңешинин мүчөсү Салыбек Чолуев Нариман Түлеев абакта жаткан кезде, Алмазбек Атамбаев аны бошотууга макул болгондугун, бирок, кечирим сурашын талап кылгандыгын кабарлады.

Бул билдирүүнү КСДП жокко чыгарып, Нариман Түлеевдин атынан жазылган катты жөнөттү.

Алмазбек Атамбаев Нариман Түлеевден кечирим суроону эч качан талап кылган эмес. Демек, кызматтык кылмыштары үчүн соттолгон адамдан кечирим суроону күткөн да эмес. Бирок, Түлеев өзү кат жазган.

КСДП

Катты Бишкек шаарынын мурдакы мэри Нариман Түлеев заматта четке кагып, жасалма деп жарыялады.

Бул жасалма. Мурдакы бийлик кезинде документтерди жасоо мамлекеттик деңгээлге көтөрүлдү. Мен Атамбаевге эч качан кат жолдогон эмесмин. Каттагы менин кол жазмам эмес.

Нариман Түлеев

«Эки катта тең окшош кол коюлган. Андыктан экөөнө тең бир адам (Нариман Түлеев) тарабынан коюлган тең ой жаралат» — дейт КСДП.

Белгилей кетсек, эки саясатчынын ортосундагы ачык кайым айтышуу өткөн аптада башталды. Анда Нариман Түлеев Алмазбек Атамбаев ага иштөшүүгө сунуш жөнөткөнүн, ага макул болбогондугун билдирген. КСДП аны каралоо катары баалап, Бишкектин мурдакы мэрине эч кандай сунуш жөнөтүлбөгөнүн айтышты.

Нариман Түлеев жемкорлук беренеси менен соттолгон. Ал өткөн жылы мунапысты негизинде эркиндикке чыгып, үй-мүлкү конфискацияланган.

Эң көп окулган жаңылыктар