USD87.45EUR97.79RUB1.04
24.kg

5 жашар бала үч салмагы тонна болгон унааны сүйрөдү

11:46, 04 мая 2018, Бишкек - 24.kg

«Нур-Кыргыз» деген каймана аттуу Таластан келген 5 жашар бала салмагы үч тонна болгон унааны сүйрөдү.

Бала бетине бет кап кийин, ысымын дагы эч кимге айтпайт. Муну жакындары көз тийүүдөн сактануунун жолу катары эсептейт. Анын талантын көрүү үчүн келгендер бала менен жакындан таанышууга мүмкүн болгон жок. Өз жумушун жасап бүткон соң, аны тез эле алып кетишти.

Жаш таланттын окутуучусу белгилүү Ташчайнар. Ал баланы жарым жыл мурун жолуктуруп, касиеттүү күч бар экенин байкаган.

«Мен алгач ата-энесине сунуш киргизгенде алар каршы болгон. Кийин баланын жөндөмүн байкаган соң, өздөрү кызыга баштады», — деди ал.

Салмагы 21 килограмм болгон бала үч тонна унааны 34 метр жерге чейин эч кыйынчылыксыз сүйрөп келди. Ал үчүн бала атайын деле машыгуудан өткөн эмес. Ага жаратылыштан берилген таасирдүү күч жардам берген.

Ташчайнардын айтымында, учурда алар АКШнын 50 штатын кыдырууга камданып жатышат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика