11:03, 04 мая 2018, Бишкек - 24.kg
Ошто жөө адамды койдуруп, кырсык катталган жерден качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу Ош облустук ИИБнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, окуяга шектүү катары 2000-жылы туулган Т.Т. аттуу жаран кармалган. Ал «Ниссан Примера» үлгүсүндөгү унааны башкарып бара жатып, жөө адамды койдурган. Жаран унаасын шаардык ЖЭБдин алдына токтотуп коюп, өзү качып кеткен. Учурда камакка алынып, сурак берип жатат.
Каза болгон жарандын өздүгү тактала элек.