«Шоро», «Шин-Лайн», «Акун», «Артезиан». Ири ишканалар кирише салыгынан бошотулду

10:53, 04 мая 2018, Бишкек - 24.kg

Кыргызстанда 60га жакын ишкана кирешеге салыгынан бошотулду.

Өкмөттүн акыркы буйрушу менен «БЕКПР» жабык акционердик коому жеңилдиктер берилген ишканалардын катарына киргизилди.

Киреше салыгы 10 пайызды түзөт.

Киреше салыгынан бошотулган ишканалардын тизмесинде 6- ишкана бар. Алардын катарында «Бишкексүт», «Шоро», «ШЕР ИНК», «Шин-Лайн», «Акун», «Баркад», жана «Артезиан» сыяктуу ири ишканалар дагы бар.