04:06
USD 89.11
EUR 94.62
RUB 0.95

КСДП: Алмазбек Атамбаев Нариман Түлеевден кечирим суроону өтүнгөн эмес

«Нариман Түлеевден эч ким кечирим суроону өтүнбөсө дагы, ал өзү Алмазбек Атамбаевден бир нече жолу кечирим сураган» — деп билдирди «24.kg» агенттигине Кыргызстан-социал-демократтар партиясынын маалымат кызматы.

Алардын айтымында, Бишкек шаарынын мурдакы мэри Нариман Түлеев абакта жаткан кезинде ал кездеги өлкө башчысы Алмазбек Атамбаевге бир нече жолу кат жолдогон.

«Алмазбек Атамбаев Нариман Түлеевден кечирим суроону эч качан талап кылган эмес. Демек, кызматтык кылмыштары үчүн соттолгон адамдан кечирим суроону күткөн да эмес» — дейт КСДП.

Эскерте кетсек, Нарын облусунун аксакалдар кеңешинин мүчөсү Салыбек Чолуев Алмазбек Атамбаев Нариман Түлеевдин эркиндигин анын кечирим суроосуна алмаштырууга даяр болгонун билдирген.

Партиянын маалымат кызматы Алмазбек Атамбаевдин атына жазылган каттын көчүрмөсүн жөнөттү. Катта Нариман Түлеев Алмазбек Атамбаевден кечирим сурап, үч жыл ичинде көп нерсени түнүшгөнүн жазат.

«Кечирип коюңуз. Менден чоң кемчилик кетти. Атамдан ажырадым, апам төшөктө жатат. Бир кезде жардам берериңизди айтыңыз эле, ошол жардамды күтүп жатам» — деп жазылат катта.

Эң көп окулган жаңылыктар
16-апрель, шейшемби