10:21, 04 мая 2018, Бишкек - 24.kg
Бишкекте сексуалдык кызмат көрсөткөн дагы бир жай табылып, анда иштеген 30 кыз жана уюштуруучусу кармалды. Бул тууралуу шаардык ИИБ билдирди.
Маалыматка ылайык, эркек киши порнографиялык материалдарды даярдап сатуучу жай ачкан.
«Ал жакта кыздар вебмодель болуп иштешчү. Алар эротикалык онлайн-видеочаттарга катышчу экен. Тактап айтканда интернет каналдарга жылаңач болуп алып эротикалык же порнографиялык шоу көрсөтүшчү», — дейт милиция.
«Жайдын ар бир бөлмөсүндө эки кишилик керебет, камера орнотулган монитор, компьютер жана 150 интим каражаттары табылган», — деп маалымдайт ИИБ.