«Ала-Тоо» аянтындагы гүлдөн жасалган саат калыбына келтирилди

18:00, 03 мая 2018, Бишкек - 24.kg

«Ала-Тоо» аянтындагы гүлдөн жасалган саат калыбына келтирилди. Бул тууралуу «Тазалык» ишканасы билдирди.

Сааттын тегерек-четине агератум, сальвия жана тагетес гүлдөрү тигилген. Ошондой эле гүлдөр борбордук аянттын башка жердерине дагы отургузулууда. Мэрия муниципалдык кызматтын эмгегин жогору баалап, көрктөндүрүү иштерине аяр мамиле кылууну суранат.