10 жашар кызды уурдаган испан жараны камакка алынган жок

16:49, 03 мая 2018, Бишкек - 24.kg

Фото

Өз кызын өзү уурдаган Испания жараны боштондукта. Бул тууралуу ал жергиликтүү маалымдоо каражаттарынын бирине берген маегинде билдирген.

«Мени камакка алабыз деп коркутушту. Ошол себептен кайра Испанияга кетүүгө аргасыз болдум», — деген Карлос. Атүгүл ал журналисттерди ишендирүү үчүн терезеден пейзажды көрсөткөн.

Карлостун айтымында, анын кызынын кош жарандуулугу жок. Бала Испаниянын жараны. Кыргызстанга кызды мекенине кайтарып берүү боюнча эл аралык ордер жиберилген. Бирок укук коргоо органдары кыз ким менен жашай турганын өзү тандайт,- деп жооп кайтарган.

«Кызым аны уурдап кетүүгө аракет кылды деп коркуп калышы мүмкүн. Анткени ал мени эки жылдан бери көрө элек. Мурдагы аялым баланы Испаниядан уурдап качкандыгы үчүн Интерпол тарабынан изделүүдө. Мен Кыргызстанда беш жумадан ашык болдум. Ошол убакытта жергиликтүү бийликтен жардам сурап кайрылып жаттым. Колумда кызымды багууга укуктуу экеним тууралуу документим дагы бар. Баланын паспортунда виза жок болгондуктан чек арадан кармалып калдык. Мен кызымды жакшы көргөндүктөн ушундай кадамга бардым. Соттун чечимине карабай кызым энеси менен жашап жатат», — деди ал.

Эскерте кетсек, 1-майда Бишкектен 10 жашар кызды уурдап кетүүгө аракет кылган испан жараны кармалган. Ал кызын энесине айтпай алып кетүүгө аракет кылган. Мурдагы аялы Орусиянын жараны болгон.

ИИБнын маалыматына ылайык, кыздын атасы камакка алынган эмес. Анткени атасында дагы, энесинде дагы баланы багууга укуктуу деген документтери болгон. Учурда тергөө жүрүп жатат. Бирок Карлос эки жыл мурун аялы кызды уурдап, Испаниядан чыгып кеткенин айткан.