14:48, 03 мая 2018, Бишкек - 24.kg
Талас шаарында төрөгөн 14 жашар кыздын ата-энеси анын боюнда бар экенин байкаган эмес. Бул тууралуу Билим берүү министрлиги билдирди.
Алардын айтымында, 8-класста окуган кыз кечээ эле мектепке барып, сабакта олтурган.
Милиция баланын атасын издеп жатат. Мыйзам боюнча кыз мектепти улантышы керек.
Эскерте кетсек, мектеп окуучусу бүгүн таң эрте кыздуу болду.
Буга чейин Ноокат районунда жана Чүй облусунда мектеп окуучулары төрөгөн.