Кыргызстанда интернет аркылуу чет мамлекеттен товар сатып алуу күч алууда

12:23, 03 мая 2018, Бишкек - 24.kg

Кыргызстанда интернет аркылуу чет мамлекеттен товар сатып алуу күч алууда. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, көпчүлү онлайн-дүкөндөрү аркылуу Орусиядан, Кытайдан, АКШдан жана Германиядан товар сатып алышат.

2017-жылы мындай жол менен Кыргызстанга 170 миң 432 майда-чүйдө товар алынып келген. Ал мурдагы жылга салыштырмалуу 60 миң 131 товарга көп.

«Кыргыз почтасы» кабарлагандай, 2017-жылы 78 тонна жүк келсе, 2016-жылы 61 тонна жүк ташылып келген.

Андан тышкары 2017-жылы Мамлекеттик каттоо кызматы электрондук соода-сатыктын төрт пилоттук борборун ачкан. Ал жерден каалоочулардын бардыгы дүйнөлүк интернет дүкөндөрүнөн соода-сатык кылууга үйрөнүшөт.

"Аталган долбоордун башкы максаты- интернет аркылуу каалаган товарды арзан баада сатып алуу мүмкүнчүлүгү бар экенин коомго жеткирүү. Адистер үйдөн чыкпай эле каалаган товарды сатып алып, төлөм жүргүзүү шарттарын үйрөттү",- деп маалымдайт Мамлекеттик каттоо кызматы.