11:03, 03 мая 2018, Бишкек - 24.kg
Бишкекте Кыргызстан менен Кореянын экономикалык кызматташтыгы боюнча форум өтүп жатат. Бул боюнча уюштуруучулардын бири Соода-өндүрүш палатасы маалымдайт.
Кыргызстан тарап корей ишкерлерин өлкөнүн ЭАЕБке мүчөлүгү жана ВСП+ макамы берген мүмкүнчүлүктөрдү колдонууга чакырат.
«Кыргызстан корей бизнесинин Россиянын, Казакстандын жана Белоруссиянын ири рыногуна чыгууга жол ачып бере алат. Андан тышкары, ВСП+ макамы аркылуу Европа рыногуна дагы эшиктер ачык» — дейт Соода-өндүрүш палатасынын жетекчиси Марат Шаршекеев.