Бишкекте бир саат ичинде жол эрежесин бузган 12 жөө адамга айып салынды

10:46, 03 мая 2018, Бишкек - 24.kg

Бишкекте «Пешеход» деген аталыштагы рейд өз ишин баштады. Бул тууралуу жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.

Рейд айдоочулар арасында административдик укук бузууларды болтурбоо жана жөө адамдарды жолду кесип өтүү эрежесин сактоого үндөө максатында уюштурулган.

«Иш-чаранын алкагында 1 саат аралыгында Бишкекте 12 жөө кишиге айып салынган», — деп маалымдайт мекеме.

Рейд 6-майга чейин уланат.