17:34
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Бишкек-Ош жолунда катталган кырсыктан 3 киши каза болду

Бишкек-Ош жолунда катталган кырсыктан 3 киши каза болду. Бул тууралуу окуяга күбө болгондор билдирди.

Маалыматка ылайык, кырсык бүгүн, саат 06:30 чамасында Кудук-Сай айылынан алыс эмес жерде катталган. «Хонда Степвагон» үлгүсүндөгү унаа бакты барып сүзгөн.

Жол кырсыгынын кесепетинен эки кыз жана 23-24 жаш курагындагы жигит каза болгон. Айдоочунун айтымында, алар Кара-Көл шаарына бара жаткан. Учурда айдоочуга медициналык жардам көрсөтүлүүдө.

Андан тышкары жол кырсыгынын кесепетинен дагы эки киши жабыркап, ооруканага жаткырылган. Учурда каза болгондордун жана жабыркагандардын өздүгү такталууда.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума