Ош шаарынын биринчи вице-мэри болуп Саибжан Турдуев дайындалды

15:36, 02 мая 2018, Бишкек - 24.kg

Ош шаарынын биринчи вице-мэри болуп Саибжан Турдуев дайындалды. Бул тууралуу калаанын маалымат кызматы билдирет.

Саибжан Турдуев 1981-жылы Ноокат районунун Кыргыз-Ата айылында төрөлгөн. Ош мамлекеттик институту «Юриспруденция» адистиги боюнча бүткөн.

Кыргыз-Ата айылдык кенешинин депутаты жана кеңештин төрагасы болуп эмгектенген.