Кара-Кулжада 11-класстын окуучусу асынып алды

14:09, 02 мая 2018, Бишкек - 24.kg

Ош облусунун Кара-Кулжа районунда 11-класттын окуучусу асынып алды. Бул тууралуу жергиликтүү ЖМК кабарлайт.

Маалыматка караганда, өспүрүм Көк-Арт айылындагы Жутан Субанов атындагы мектептин окуучусу. Аны 30-апрель күнү үйүнөн муунуп алган жеринен табышкан.

Баланын атасы мектепке мугалим болуп иштейт. Иликтөө иштери жүрүүдө.