Бишкек Азиянын спорттук борборуна айланды

12:36, 02 мая 2018, Бишкек - 24.kg

Бишкекке Азиянын Олимп кеңешинин президенти шейх Ахмад Фахад Аль-Сабах келди. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене-тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик билдирди.

Иш-чаранын алкагында Ахмад Фахад Аль-Сабах мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков, Жаштар иштери, дене-тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчилиги, ошондой эле Улуттук олимпиада комитетинин өкүлдөрү менен жолугат. Андан тышкары 2018-жылкы Азия оюндарына даярдык көрүү форумуна катышат.

Форум бүгүн Бишкекте башталат. Ага дүйнөнүн 19 мамлекетинин өкүлдөрү катышат.

«Быйыл Азия оюндары Индонезияда өтөт. Ага үч ай калды. Бул эң ири спорттук таймаштардын бири», — дейт Улуттук олимпиада комитетинин башкы катчысы Саламат Эргешов.