22:43
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

Эс алуу күндөргө карат аба ырайы

28-30-апрелде өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.

1-майда Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөп, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт.

Ысык-Көл, Нарын облустарында түнкүсүн жаа-чачын күтүлбөйт, күндүз жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 17-22 метрге жетиши мүмкүн.

2-3-майда мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Абанын температурасы өзгөрүлүп турат.

Эң көп окулган жаңылыктар