Жээнбеков: Этникалык көп түрдүүлүк жана жарандык интеграцияны өнүктүрүү зарыл

15:27, 27 апреля 2018, Бишкек - 24.kg

«Этникалык көп түрдүүлүк жана жарандык интеграцияны өнүктүрүү зарыл»- деп мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков Улуттар ассамблеясынын кеңешинин төрагасы Токон Мамытов менен жолугушууда билдирди.

Президент Токон Мамытов менен Ассамблеянын өлкөнүн коомдук-саясий жашоосундагы ишмердиги, анын Кыргызстан элинин биримдигин бекемдөө маселелеринде мамлекеттик бийликтин бардык бутактары менен өз ара аракеттенүүсүнө байланыштуу маселелер талкууланды.