Ошто сексуалдык кызмат көрсөткөн жайдын администратору кармалды

14:35, 27 апреля 2018, Бишкек - 24.kg

Ошто сексуалдык кызмат көрсөткөн жайдын администратору кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ош шаардык ИИБнын башчысы Мурат Бороновдун буйругу менен интимдик кызмат көрсөткөн жайларды аныктоо иш аракеттери күч алган.

Анын жыйынтыгында сауна катары иш алып барган бордель аныкталып, анын Лола аттуу администратору кармалган. Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.