Ошто өрттөн жабыркап оор абалдар ооруканада жаткан кыз каза болду

13:05, 27 апреля 2018, Бишкек - 24.kg

Ошто өрттөн жабыркап оор абалдар ооруканада жаткан кыз каза болду. Бул тууралуу Ош шаардык ИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Учурда кыздын өздүгү такталып, ал 28 жаштагы Чоң Алай районунун тургун экени аныкталган.

«Учурда кыздын жакындары маркумду алып кетүү үчүн Ошко келе жатышат», — деп маалымдайт ИИБ.

Эскерте кетсек, 24- апрелде Оштогу көп кабаттуу үйлөрдөгү эки батирден өрт чыккан. Тилсиз жоонун кесепетинен 6 адам жабыркап, алардын бири комага түшүп калган.