«Берекет» базарынын директору камакка алынды

12:56, 27 апреля 2018, Бишкек - 24.kg

«Берекет» базарынын директору № 1-убактылуу кармоочу жайга камакка алынды. Бул тууралуу шаардык ИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аны менен бирге базардын өрт коопсуздугу үчүн жооптуу кызматкери камалды.

Эскерте кетсек, 13-апрелде таңкы саат 04:00 чамасында Ош базарынан өрт кырсыгы катталган. Жыл башынан бери аталган жай үчүнчү жолу өрт чыкты.