11:03
USD 69.25
EUR 81.03
RUB 1.03

Ысык-Көлдө эл аралык туристтик жарманке өтөт

6-майда Ысык-Көлдө Issyk-Kul International Tourism Fair-Exhibition 2018 аталышындагы эл аралык туристтик көргөзмө жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Кыргызстан курорттор ассоциациясы билдирди.

Маалыматка ылайык, иш чарага алыскы жана жакынкы чет мамлекеттердин туристтик агенттиктери конок катары чакырылган. Андан тышкары Кыргызстандын авиакомпаниялары, пансионаттардын, эс алуу үйлөрүнүн өкүлдөрү, инвесторлор, эксперттер жана ишкерлер катышат.

Иш-чара чет өлкөлүк туристтик агенттиктер менен бизнес байланыштарын түзүү жана туристтерди тартуу максатында уюштурулууда.

Эң көп окулган жаңылыктар