06:57
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Мекенчил жигит сыйланды. Туу көтөргөн Азамат Жаналиев «Ардак грамота» алды

Борбордук аянта түнү бою туу көтөрүп турган Азамат Жаналиев Бишкек шаардык кеңешинин «Ардак грамотасын» алды.

Эскерте кетсек, 24-апрель күнү катуу шамал «Ала-Тоо» аянтындагы тууну учуруп түшкөн. Өлкөнү башкы туусу жок калганын көрүп, Азамат Жаналиев үйүндөгү тууну түнү бою көтөрүп турган.

Улуттук гвардия эртең менен гана мамлекеттик тууну ордуна көтөрүшкөн.

Азамат Жаналиевдин бул кадамы көпчүлүктүн купулуна толуп, мекенчил жигитке сыйлык ыйгаруу сунушу көтөрүлгөн.

Эң көп окулган жаңылыктар