16:06, 26 апреля 2018, Бишкек - 24.kg
№ 47-абакта жаза өтөп жаткан мурдагы депутат Өмүрбек Текебаев кайрадан видео байкоого алынды. Бул тууралуу ЖАМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Видео көзөмөл Текебаевдин макулдугу менен анын коопсуздугу үчүн орнотулган.
Видеокамера мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковдун видео көзөмөлдү алып салуу мүмкүнчүлүгүн караштырып чыгуу тапшырмасынан кийин алып салынган.