12:33
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Өзбекстанда 60 жаштагы киши 7-класстын окуучусун зордуктоого шектелүүдө

Анжиян шаарынын 60 жаштагы жашоочусу аялынын 13 жаштагы жээнин зордуктоого айыпталууда. Медициналык текшерүүдөн өткөндөн кийин кыздын төрт жарым айлык боюнда бар экенин аныкталган.

Анжияндагы 7-класстын окуучусунун кош бойлуу экенин шаар маалелеринин биринин төрагасы кабарлады.

«7-класстын окуучусу таежесинин 60 жаштагы күйөөсүнөн боюнда болуп калыптыр. Кыздын атасы жок, апасы аны эжесине таштап, Орусияга кеткен. Таежесинин күйөөсү кызды зордуктап койгон, жыйынтыгында анын боюна бүтүп калыптыр. Окуучу бул тууралуу сурак учурунда айтып берди. Учурда бул окуя боюнча тергөө жүрүүдө», — деди ал.

Анжиян облустук ишки иштер башкармалыгынын кызматкери «Зордуктоо» беренеси боюнча кылмыш иши козголгонун тастыктады.

«Кыздын ичи ооруп, дарыгерге кайрылган экен, ал жерде анын боюнда бар экени аныкталып, милиция чакыртылган. Шектүү күнөөсүн мойнуна алган жок. 60 жаштагы кишинин күнөөсү аныктала элек. Эгер аныкталса, аны камоо боюнча сотко сунуш беребиз», — деди милиция кызматкери.

Бул окуядан кийин Анжиян шаарындагы мектептердин баарында кыздар гинекологдун текшерүүсүнөн өтүп жатканы айтылууда.

Эң көп окулган жаңылыктар