12:23, 26 апреля 2018, Бишкек - 24.kg
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет экс-премьер-министр Сапар Исаковду суракка чакырды. Бул тууралуу ал Facebook социалдык түйүнүндөгү баракчасына жазып чыккан.
Эскерте кетсек, Раим-миллионер деген ат менен белгилүү болгон Бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимов экс-премьер-министр Сапар Исаковду сотко бергени бүгүн белгилүү болду.