18:36
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Сотто жолугабыз: «Раим-миллион» Сапар Исаковду сотко берди

«Раим-миллион» деген ат менен белгилүү болгон Бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимов экс-премьер-министр Сапар Исаковду сотко берди. Маалыматты анын Жогорку Кеңеште депутат болуп отурган бир тууганы Искендер Матраимов «24.kg» агенттигине тастыктады.

Искендер Матраимов, бир тууганы мурдагы өкмөт башчыны эмненин негизинде сотко бергени тууралуу маалыматы жок экенин айтты.

«Чоо-жайын бир тууганымдан сурагыла. Жумушта мен анын агасы эмесмин, депутатмын», — деди Искендер Матраимов.

Сапар Исаковдун кадр маселесин чечүүдө Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин сууга чөкпөс мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду иштен алуусу коомдо катуу талкуу жараткан.

Раим-миллионер жетекчиликтин чечимдерине жана саясатына анын ишмердиги дал келбегендиги үчүн иштен алынган.

Райымбек Матраимов аны ошол кездеги өкмөт мыйзамсыз иштен алган деп эсептейт. Доо арыздын суммасы азырынча белгисиз.

Эң көп окулган жаңылыктар